Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Ошто Сирияга кетти делген аял боюнча маалымат такталууда


Ошто балдарын алып Сирияга кетти делген аял боюнча маалымат такталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты.

Ошто 31 жаштагы аял үч баласын ээрчитип, Сирияга качып кеткенин "Азаттыкка" «Укук жана тартип» коомдук фондунун жетекчиси Изатулло Рахматуллаев билдирген. Анын айтымында, Сирияга кеткен келин балдарына мыйзамсыз жол менен документ жасап, жолдошунун макулдугусуз качып кеткен. Башка өлкөдө экенин СМС аркылуу билдирген. Күйөөсү учурда бейөкмөт уюмдарга кайрылып, жардам суроодо.(YI/RK)

XS
SM
MD
LG