Багдадда согушчандардын тобу Транспорт министрлигине чабуул жасап, кеминде 18 адам көз жумду. Бул тууралуу бийликтерге таянып, Рейтер маалымат агенттиги кабарлоодо. Коопсуздук күчтөрү имаратты кайрадан ээлегени кабарланууда. Чабуулга кеминде 6 жанкечти катышып, баары өлтүрүлгөн. Бүгүн Багдадда базарлардын жанындагы эки жардыруудан кеминде 6 адам көз жумду. Ай башынан бери Ирактагы жардыруудан 900 адам жабыркады. (AiK)