Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:36

Дарыгерлер Шумахерди комадан чыгара башташты


Франциянын Гренобль шаарында дарыгерлер унаа жарышынын чемпиону Михаэл Шумахерди жасалма комадан чыгарууну баштады. Шумахер декабрдын аягында Францияда лыжа тээп жүргөндө жыгылып, мээсине доо кетип, андан бери эс-учуна келбей жатат. Спортчунун менеджери комадан чыгаруу жараяны көпкө созулушу мүмкүндүгүн эскертти. Дарыгерлер Шумахердин мээсине буга чейин эки жолу операция жасаган. Спортчунун качан калыбына келери боюнча дарыгерлер азырынча маалымат берише элек (AiK)

XS
SM
MD
LG