Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Мичиганда кыргыз жараны каза болду


Чикагодо жашаган кыргызстандык улан Нуржигит Капарбеков 29-январда Детройт шаарында жумуш маалында мерт кетти. Бул тууралуу Иллинойс штатындагы кыргызстандыктар коому кабарлады.

Капарбеков жүк ташуучу машиненин айдоочусу болуп Кыргызстандагы үй-бүлөсүн багып келген. АКШнын Мичиган штатында ал айдап бараткан жүк ташуучу машине жолдо кырсыкка учураган. Үй-бүлөсүнүн жалгыз уулу Капарбеков 1990-жылы туулган. Анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө жана акыркы сапарга узатууга 20 миң доллар талап кылынат.

Учурда Америкадагы кыргызстандыктар көмөк иретинде интернет аркылуу каражат чогултушууда. Кайгылуу кабардан үч саат өтпөй 4320 доллар жыйналды. (BAz)

XS
SM
MD
LG