Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

АКШнын прокуратурасы Жохар Царнаевге өлүм жазасын сурайт


Федералдык прокуратура соттон Бостондогу терактты уюштурду деп айыпталып жаткан Жохар Царнаевдин өлүм жазасына тартылышын талап кылат. Мындай чечимди бейшемби күнү АКШнын юстиция министри Эрик Холдер кабыл алды. Холдердин билдирүүсүндө Царнаевдин иши боюнча бардык фактылар жана адвокаттардын арызы каралып чыккан соң ушундай тыянак чыгарылгандыгы айтылат.

Жохар Царнаев 2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурунда эки жардырууну уюштурган деп айыпталууда. Анда 3 адам мүрт кетип, 250 адам жараат алган. Бир нече күндөн кийин анын агасы Тамерлан Царнаев полиция менен атышуу учурунда каза болгон. Жохар Бостондун жанынан кармалган, андан бери камакта. Сот качан башталары белгисиз. (AiK)

XS
SM
MD
LG