Ноокен районунун Сары-Сыя айылында болгон чатак милиция тарабынан иликтенип жатат. Бирок кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жусуп Камбаралиев билдирди.
30-январь күнү түнкү саат бирлер чамасында Ноокен айылынын отузга жакын тургуну коңшу Сары-Сыя айылына келип, үйлөрдүн терезелерин таш менен уруп, талкалашкан. Алар мектептин жогорку классындагы уландар экени кабарланууда. Чатактын себеби анык эмес. Милициянын божомолунда буга мектеп окуучуларынын өз ара тил табыша албаганы себеп болушу мүмкүн.
Айыл тургундары “Азаттыкка” билдиришкендей, алар көчөдө алдынан чыккан беш адамды да сабап коюшкан. Токмоктолгондордун арасында 20 жаштагы биринчи топтогу майып бала бар.
Милициядан кабарлашкандай, үч үйдүн терезеси талкаланып, бир үйдүн чатыры сынган. Ал эми айыл тургундары мындай үйлөрдүн саны он чамалуу экенин айтып жатышат. Окуянын эртеси күнү Ноокен айылынын аксакалдары Сары-Сыяга барып, жашоочулардан кечирим сурашкан. Ошондон улам алар милицияга арызданган эмес.
Сары-Сыя айылында 400 чамалуу түтүн бар. Негизинен өзбектешип кеткен араб тектүү эл жашайт. (SE)