Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Чек ара сүйлөшүүсү жыйынтыкталды


Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады. Жабык өткөн эки күндүк талкуунун жыйынтыгында протокол кабыл алынып, эки тарап чек арага жакын айылдарга тартып барган кошумча аскердик күчтөрдү кайра артка алып кетүү тууралуу макулдашты. Ошондой эле чек араны тактоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтордун ишин кайра баштоо чечими кабыл алынды. Кийинки жолугушуу февраль айында өтмөй болду.

Сүйлөшүүгө эки өлкөнүн күч структуралары боюнча вице-премьер-министрлер Токон Мамытов менен Муродали Алимардон катышты.

Соңку кезде чек ара маселесине байланыштуу кыргыз-тажик мамилелери курчуп, кыргыз тарап Тажикстандагы элчисин чакыртып алган. 11-январда Баткенде Кыргызстан куруп жаткан унаа жол боюнча чатак чыгып, атышуу болгон. Тажик тарап ал жерди талаштуу деп, ал эми кыргыз тарап өзүнүкү деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG