Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Украина: коргоо министри “чукул” чара көрүүгө чакырды


Украинанын коргоо министри президент Виктор Януковичти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы катары туңгуюктан чыгуу үчүн “чукул” чараларды көрүүгө үндөдү. Коргоо министрлигинин тараткан билдирүүсүндө аскер жетекчилери кырдаалды турукташтыруу жана коомдо тынчтыкка жетишүү үчүн президент тез арада мыйзамдарга ылайык кадамдарды жасашы керек деп айтылат.

Билдирүүдө административдик имараттарды басып алуу туура эмес экендиги, чырдын мындан ары ырбай бериши өлкөнүн аймактык биримдигине коркунуч алып келери эскертилет.

Кечээ Украинанын президенти Виктор Янукович бийлик саясий туңгуюктан чыгуу үчүн бардык аракеттерди жасады деп билдирди, бирок ошол эле убакта оппозицияны "кырдаалды курчутуп" жатат деп айыптады. Бейшемби күнү жарыяланган билдирүүдө бийликтер ката кетиргенин жана мындан ары элдин мүдөөлөрүн көбүрөөк угууга аракеттер болору айтылат. (AiK)

XS
SM
MD
LG