Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Тажикстанда үч кызына, өзүнө өрт койгон аял каза тапты


Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүдө бир аял өзүн жана үч баласын өрттөп, каза болду. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазып чыкты. Майдамох Умарова Тажик техникалык университетинде иштечү. Ал өзүнө жана үч кызына бензин куюп, өрт койгон. Умарова ооруканада көз жумду, дарыгерлер болсо кыздардын өмүрүн сактап калуунун аракетинде. Алардын кичүүсү 5 айлык, ортончусу 5 жашар жана улуусу 9 жашта. Кыздардын улуусунун абалы оор экени айтылууда. Аялдын коңшулары анын кайындары менен ыркы келишпегенин жана чоң карыздары бар экенин айтышкан. (AiK)

XS
SM
MD
LG