Нарындын Ат-Башы районундагы мал базарда жекшемби күнү иш кызыйт. Бул жерде козудан төөгө чейин төрт түлүктүн бардык түрү сатылат.
Ат-Башы: төрт түлүктүн ордосу
21
Дары-дармектер минтип көчөдө эле сатылат.
22
Кардар тартуунун бир жолу. Ат-Башы кышкысын абдан суук болгондуктан келгендер ысык чай ичкени сөзсүз жылуу ашкана издешет.
23
Билети 40 сомдук базар-лото. Билет алып дароо ойносоң болот.
24
Арзан шуру-сөйкө саткан эже. 200 сомго алтын шакектин жасалмасын табасың.
25
Базарда араба түртүп акча тапкан балдар. Бул күнү 300 сомдой таап алышат.