Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

ЕККУ кыргыз-тажик чек арасындагы абалга кызыгууда


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга кызыгууда. Тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, аталган уюмдун өкүлдөрү кечээ Баткенде барып, өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков менен жолукту. Алар ошондой эле соңку чек ара чатагы катталган жерди барып көрүп, аймакты өнүктүрүүгө кандай жардам берилиши мүмкүндүгүн талкуулады.

11-январда Баткендеги Кыргызстан өзүнүкү, ал эми Тажикстан талаштуу деп эсептеген аймакка кыргыз тарап жол куруп жатканына байланыштуу ок атышуу болгон. Эи тараптан он чакты күч кызматкери жараат алган.

Бүгүн Бишкекте ошол окуядан кийин кыргыз-тажик дипломатиялык мамилелерди жөнгө салуу, чек ара сүйлөшүүлөрүн кайра улантуу маселесин талкуулаган эки күндүк жабык жыйын аяктады. Ага эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери баштаган расмий делегациялар катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG