Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Булатовду кыйнагандар митингди ким каржыларын сураган


Украинадагы өкмөткө каршы митингдердин лидерлеринин бири 22-январда жоголгон Дмитрий Булатов 30-январда табылды. Дмитрийдин айтымында, аны орусча акцент менен сүйлөгөн белгисиз эркектер уурдап кеткенден бери кыйнап, нааразылыкка чыккан элди ким каржылаганын билгилери келген.

Буга чейин уурдалып, кайра табылган активист Игорь Луценконун айтымында, белгисиз адамдар андан да Евромайданды ким каржылаганын билгилери келген.

Булатовду уурадагандар аны уруп, кыйнап, кийин Киевдин жанындагы Борисполь районундагы Вишенка айылынын жанына таштап кетишкен. Булатов өзү айылга жетип, ал жактан достору менен байланышкан. (AiK)

XS
SM
MD
LG