Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Ноокендеги жаңжалдын чыгымдары төлөндү


Ноокен районунун Сары-Сыя айылында болгон жаңжалдан улам чатыры жана терезеси сынган үйлөрдүн ээлерине материалдык чыгымдар төлөп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл тургундары кабарлашты. Маалыматты Ички иштер министрлигинен да тастыкташты. Чыгымдар үйлөрдүн терезе жана чатырларын таш менен уруп сындырган кошуна айылдын балдарынын ата-энелери тарабынан төлөнгөн.

30-январь күнү түнкү саат бирлер чамасында Ноокен айылында мектептин жогорку классында окуган отузга жакын улан Сары-Сыяга барып, турак-жайлардын терезелерин жана чатырларын ташбараңга алган. Келтирилген чыгым 10 миң сомдон ашкан. Милициянын айтымында, 4 үйгө, айылдыктардын билдирүүсүндө ондон ашуун үйгө чабуул болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, эки айылдын жаштары буга чейин жаңжалдашкан. Үйлөрдү ташбараңга алынышына ошол себеп болушу мүмкүн.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 11 бала сурак берүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG