Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаков маалымдады.
Мелдешке өлкө аймагынан 6 команда катышууда. 29-январда башталган таймашуулардын жыйынтыктары боюнча Ош шаарынын “ Ош-бажысы” командасы, Ысык-Көлдүн “Жаңы муун”, Бишкектин "Салам-Алик" жана Ички Иштер министрлигинин “ВВ МВД+К “ командалары алдыңкы сапта баратат.
1-февралда “Салам-Алик” командасы “Ош бажысы” командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Кийинки беттешүү "Жаңы Муун" жана Ички “ВВ МВД+К “ командаларынын ортосунда болуп, ысыккөлдүк волейболчулар 3:1 эсебинде утту.
Биринчи турдун оюндары 2-февралда аяктайт. Чемпионаттын экинчи туру 26-мартта башталат, үчүнчү тур май айында болот.
Волейбол боюнча Кыргызстандын учурдагы чемпиону болуп Бишкектин "Салам-Алик" командасы эсептелет. (КМа)