Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Лейлекте жардыргыч зат сактаган тургун кармалды


Лейлек районунун тургуну мыйзамсыз түрдө жардыргыч зат сактаганы үчүн сурак берүүдө.

31-январь күнү райондук милициянын кызматкерлери Бешкент айылынын 53 жаштагы тургуну иштетип жаткан дүкөндөн граната табышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаран жардыргыч затты 1998-жылы Тажикстандын аймагынан тапканын, ушул күнгө чейин сактап келатканын айткан.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси - курал-жаракты мыйзамсыз сактоо боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG