Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:50

Аба ырайы: чукул эскертүү


5-февралга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу дыйканчылык аймактарда сууктун күчү 20-25 градуска чейин жетиши мүмкүн. 

Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде түйшүк жаратат.

2-февралда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мол жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак, болот.  Кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө  түнкүсүн -13...-18, күндүз  -6...-11,
Талас облусунда түнкүсүн  -15...-20, күндүз -6...-11,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүз  -2...-7,
Баткенде түнкүсүн - 8...-13, күндүз -3...-8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...-6,
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -5...-10 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -16...-18, күндүз -8...-10 градус болот

 

XS
SM
MD
LG