Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Украин оппозиция лидерлери Мүнхенде жүрүшөт


Мүнхенде өтүп жаткан коопсуздук конференциясынын чегинде оппозиция лидерлери Жон Керри менен жолугушууда. Кабарчылар менен баарлашканда Виталий Кличко Украинада өкмөт өлкөнү согушка түртүп жатат деп күнөөлөдү:

- Биз Украинага, демократиячыл, тынчтык кыймылына колдоо болот деп үмүттөнөбүз. Баары Украинанын европалык заманбап өлкө болушун каалашат, биздин максат ушул. Бирок көп кишилер, айрыкча Украинанын өкмөтүндөгүлөр Украинаны европалык өлкө деп эсептешпейт.

Кличконун бүгүн Мүнхен жыйынында чыгып сүйлөшү пландалган. Ал эми Арсений Яценюк Европа Биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон менен сүйлөшөт.

Кечээ Яценюк Батышты Украинадагы саясий кризисти турукташтыруу үчүн жардам сураган. Жон Кэрри бүгүн "украин эли демократия үчүн күрөшүп жатат" деди.

Кечээ Украинада демонстранттарды бошотууну караган мунапыс күчүнө кирип, демонстрацияларга каршы маанайдагы мыйзамдар күчүн жоготкон.

XS
SM
MD
LG