Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Австрияда кыргыз модельеринин жаңы коллекциясы тартууланды


Модельер-дизайнер Гүлнур Тоялиева.
Модельер-дизайнер Гүлнур Тоялиева.
Кыргызстандык модельер-дизайнер Гүлнур Тоялиеванын "Падышанын кечеси" (Imperial Ball) саркеч кийимдер топтомунун бет ачары Австриянын борбору Венада болуп өттү. Жалал-Абаддык модельер-дизайнердин "Азаттыкка" маалымдашынча, кечки жана сый көйнөктөрдүн жаңы коллекциясын жаратууга бир нече кылымдардан бери ар жылы өтүүчү Вена балы түрткү берген. Gülnur Fashion эн белгисинин түптөөчүсү жана учурда Венада Өзөктүк кубаттуулук боюнча эл аралык уюмда иштеген Тоялиеванын "Падышанын кечеси" топтомуна айымдардын 14 саркеч көйнөгү кирген.

"Коллекциядагы сый көйнөктөр Улуу Жибек жолунда кеңири тараган жибек, токулган тор (кружева), парча, саймаларды колдонуу менен кымбат кездемелерден тигилген", – деди "Азаттыкка" модельер-дизайнер Гүлнур Тоялиева. Автордун айтымында, топтомдогу ар бир көйнөк айымдардын назиктигин, өзгөчөлүгүн жана сулуулугун баса белгилейт.

"Падышанын кечеси" сый көйнөктөр топтому ноокендик модельер-дизайнердин үчүнчү коллекциясы. Буга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Гүлнур Тоялиеванын "Уруулардын аурасы" (Tribal Vibes) жана "Жибек жолунун тамчылары" (A Touch of Silk Road) топтомдорун элдин назарына тартуулаган. (BAz)

XS
SM
MD
LG