Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Бишкек-Ош жолу ачылды


Кар көчкүдөн жабылып калган Бишкек-Ош жолу ачылды. Бирок кар көчкү жүрүү коркунучу сакталып турганын “Азаттыкка” Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы Ош-Бишкек дирекциясынын жетекчи орун басары Жетимиш Дүйшөмбиев кабарлады.

- Ала-Бел, Төө-Ашуу ашуусуна кум, туз сээп, тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү кайрадан түшүшү мүмкүн деген коркунуч бар. Ошондуктан айдоочулар 500 метр аралыкты сактап, мүмкүн болушунча жолго эрте жарыкта чыгышы керек.

Мындан сырткары Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунда кооптуу жагдай сакталууда. Аталган аймакта бир метрдей кар жааган. Тазалоо иштери жүрүүдө.

Өлкөнүн эки аймагын бириктерген жол 31-январь күнү эртең менен жүргөн кар көчкүдөн улам жабылган. Токтогул районунун аймагында көлөмү 1 миллион куб метр кар түшкөн. Жолдогу айдоочуларга жана куткаруучуларга чатыр тигилип, ысык тамак уюштурулган. Медициналык жардам берүү үчүн дарыгер да бөлүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG