Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Аба ырайы: 5-февралга чейин суук болот


3-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл кылаасында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -16...-21, күндүз -14...-19,
Талас облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -14...-19,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6...-14, күндүз -4...-9, тоо этектеринде -10...-15, күндүз -5...-10 градус суук болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...-7,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...-8 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -16...-18, күндүз -8...-10 градус болот

Шашылыш эскертүү: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 4-февралга чейин өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап, суук 5-февралга чейин сакталат. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 15…20 градус суук, айрым жерлерде абанын температурасы 25 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы кыштоолордо малды кармоону кыйындатып, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG