Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:24

Сарууда он чакты активистти милиция кармап кетти


Бул тууралуу азыр эле "Азаттыкка" Ысык-Көл облусуна караштуу Саруу айылынын тургуну Абай Узаков кабарлады. Анын айтымында, кармоо себептерин милиция түшүндүргөн эмес. Алардын арасында карыган адамдар жана жаштар дагы бар.
Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмил Салиев саруулуктарды кармоо себептери тууралуу эч нерсе айта албастыгын, бирок кармоо мыйзам чегинде болгонун “Азаттыкка” билдирди. Учурда Саруу айылында жергиликтүү тургундар топтоло баштаганы кабарланууда.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан бери митингдерди уюштуруп келет. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облус башчысын автоунаага камап коюу менен коштолгон.

Аягында митингди күч кызматы кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Алардын айрымдары кийин үй камагына чыгарылган. Былтыр декабрда Саруу айылынын тургундары айылга өз чечимдери менен “чукул кырдаал” киргизишкен. (МК/КЕ)

XS
SM
MD
LG