Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Украинада он миңдеген киши көчөгө чыкты


Украина боюнча демонстрацияларга бүгүн он миңдеген киши катышты. Киевдин Көз карандысыздык майданында бүгүн 50 миңдей киши чогулду. Ага оппозиция лидери Виталий Кличко менен катар, дагы бир оппозиция лидери Арсений Яценюк катышты. Кличко ноябрдан берки акцияларда кармалган демонстранттарды шарт коюусуз бошотууну талап кылды. Яценюк оппозициянын Батыштан финансылык жардам сурап жаткандыгын бышыктады.

Кличко бүгүн эртең менен Мюнхенден кайтып келди. Мюнхенде ал эл аралык коопсуздук конференциясына катышып, Батыш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү менен жолукту. Ал арада сасык тумоолоп калган президент Янукович эртең ишке чыгаары кабарланды.

XS
SM
MD
LG