Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Гагауздар көз карандысыздык референдумун өткөрдү


Молдованын автономдуу Гагаузия жумуриятында бүгүн талаштуу референдум өттү. Анда шайлоочулар Евросоюз менен КМШнын Бажы биримдигинин кайсынысына кирүүнү кааларын билдиришти. Референдумда ошондой эле эгер «Молдова көз карандысыздыгынан айрылса, Гагаузия өз алдынчалык жарыялашы керекпи?» деген суроо коюлду. Расмий булактардын билдиришинче, түшкө чейин шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы добуш берди.

Гагаузияда 155 миңдей түрк тектүү, орус тилдүү, христиан дининдеги калк жашайт. Молдованын бийликтери бүгүнкү референдумга катуу каршы болгон эле.

XS
SM
MD
LG