Бүгүн түштөн кийин Ысык-Көлдүн Саруу айылынан милиция кармап кеткен жети адамдын алтоо кечки саат ондорго жакын бошотулду. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов алты адам түшүнүк кат жазып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң коё берилгенин "Азаттыкка" билдирди. Алар Саруу айылындагы акцияларга байланыштуу кармалганы айтылууда.
Кармалгандардын дагы бири - Айбек Сарыбаев облустук милициянын кармоо жайына киргизилди. Ал Саруудагы буга чейинки нааразылык акцияларынын башында тургандардын бири. Милиция анын бошотулбашын нааразылык акцияларга байланыштуу козголгон иштин негизинде ага издөө салынышы менен байланыштырууда.
Бүгүн түштөн кийинки саат төрттөр чамасында саруулук он чакты активистти милиция кармап кеткени жана анын себептери түшүндүрүлбөгөнү кабарланган. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмил Салиев саруулуктарды кармоо себептери тууралуу эч нерсе айта албастыгын, бирок кармоо мыйзам чегинде болгонун “Азаттыкка” билдирген.
Милициядан бошоп келген алты адамды түнкү саат он жарымдарда Сарууда жол бууп тургандар тосуп алышты. Саруулуктар мындан 3-4 саат мурда Балыкчы-Каракол жолун айылга кире бериштеги Кашат деген көпүрөдөн бууп алган. Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Мария Колесникова жол тосулган жерде азыр (түнкү 11) болжол менен 150дөй адам турганын билдирди. Алар бүгүн жана буга чейин камалган саруулуктарды бошотуу талабын коюп жатышат.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан бери митингдерди уюштуруп келет. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облус башчысын барымтага алуу менен коштолгон.
Аягында митингди күч кызматы кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Алардын айрымдары кийин үй камагына чыгарылган. (МК/SM)