Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Украин президенти бүгүн ишке чыгат


Президент Виктор Янукович сасык тумоонун айынан өткөн аптанын башында ооруканага жаткан эле. Оппозиция өкүлдөрү бул мезгилде Янукович өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүгө кам көрдү деп шекшүүдө. Украинада ноябрь айынан бери нааразылык акциялары уланып жатат. Ага расмий Киев Европа биримдиги менен байланышты бекемдөө келишиминен баш тартышы себеп болгон.

Бул арада белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып, кыйноого алынган оппозиция активисти Дмитрий Булатовго Литвага барып дарыланууга бийлик уруксат берди. Ал Вильнюска келгени кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG