Молдованын курамындагы Гагаузия автономиялуу регионундагы референдум өттү деп жарыяланды. Жекшемби күнү өткөн добуш берүүдө жергиликтүү тургундар Европа биримдиги же Бажы биримдиги менен интеграцияга баруу керекпи, ошондой эле Молдова эгемендүүлүгүн жоготсо, Гагаузия көз карандысыздыгын жарыялаш керекпи деген суроолорго жооп беришти.
Гагауз шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда, добуш берүүгө калктын 55% катышты. Референдум болуш үчүн 33% келсе жетишет болчу. Молдованын борбордук бийлиги референдумду токтотууга аракет жасады. Бирок ал ишке ашкан жок. Гагаузияда 155 миңдей калк жашайт. (AiT)