Бул Кыргызстандын Лейлек районун Тажикстандын электр энергиясынан көз карандылыгын жоюу үчүн тартылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" “Электр станциялар” акционердик коомунун жетекчиси Медетбек Айткулов билдирди. Анын айтымында, курулуш иштери быйылкы жылы башталышы күтүлүүдө. Бул үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан жеңилдетилген шартта 11 млн. доллар насыя алынат. Жаңыдан тартыла турган электр зымынын узундугу 60 чакырым келет. (AiT)