Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Атамбаев: Биз мусулманбыз, бирок кыргыз экенибизди унутпасак


“Биз мусулманбыз, бул бабаларыбыздын дини, мурасы, бирок биз ошол эле учурда кыргызбыз! Ошону унутпасак” деди бүгүн президент Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынында. Анда өлкөдөгү диний кырдаал жана мамлекеттин дин саясаты талкууланууда.

Мамлекет башчы “айрым мусулман сөрөйлөр ислам дини менен араб, бангладеш, пакистан маданиятын чаташтырып, элибиздин маданиятын, жада калса улуттук кийимин чанып, байыркы кыргыз элибизге чоочун үрп-адат, жарашпаган жүрүш-турушту, өөн келген кийимди таңуулап жатканын” айтып, бул көрүнүштү “Чала молдо – дин бузар” деп атады:

- Көчөдө сакалын сербейтип, дамбалчан жүргөндөр толуп кетти. Эзелтен татынакай ачык түстүү кыргыз кийиминин ордуна кыз-келиндерибизге салт боюнча жесирлер гана кийген кара кийим таңууланып жатат, - деп айтты Атамбаев.

Коргоо кеңешине өкмөт башчы, губернаторлор жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери, парламент жетекчиси менен фракция башчылары, муфтият жана башка дин өкүлдөрү, эксперттер катышууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG