Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында электр энергиясын керектөө лимиттен жогору болууда. Бул тууралуу бүгүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты. Электрди керектөөнүн максималдуу чеги саатына 3135 мегаваттка жетип жатат. Бул былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырганда 537 мегаваттка көп жана лимиттен 54 мегаватт ашык болууда. Айрыкча Бишкекте жана Чүй облусунда электрди ашыкча колдонуу көп болууда. Ошол себептен учурда айрым райондордо жарык жок.
Соңку үч күндөн бери Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, түнкүсүн Бишкекте жана Чүйдө суук 20 градустан ашып жатат. Суук 5-февралга чейин дагы күчөөрү айтылууда. (RK)
Соңку үч күндөн бери Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, түнкүсүн Бишкекте жана Чүйдө суук 20 градустан ашып жатат. Суук 5-февралга чейин дагы күчөөрү айтылууда. (RK)