Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Атамбаев: Мамлекет дин иштерине кийлигишүүгө укуктуу


Кыргызстанда диний бирикмелер менен дин кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынган, бирок мамлекет жана бийлик өкүлдөрү дин чөйрөсүнө, дин органдарынын ишине кийлигишүүгө толук укуктуу. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин дин маселелерин талкуулаган жыйында айтты.

- Айрым мусулман өлкөлөрүн карсак, ал жерде саясатчылар динди өз максатында пайдаланып, саясий курал кылып алган. Динчилер саясатка киришкенде мамлекет эмне болоорун Ооганстан, Ирак, Египет, Сирияга окшогон өлкөлөрдөн так көрсөк болот. Бул өлкөлөрдө эл экиге бөлүнүп, жарандык согуш жүрүп жатат. Кыргызстанда да айрым саясатчылар кээ бир дин кызматкерлери менен бирге динди саясатка аралаштырууга аракет кыла баштады. Бул өтө терс көрүнүш. Мындай саясий оюндарга бөгөт коюшубуз керек. “Оюндан от чыгат” деп элибиз бекеринен айтпаган, - деди Атамбаев өз сөзүндө. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG