Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Саруудагы жолугушуу жыйынтыксыз аяктады


Жети-Өгүздүн Саруу айылында былтыртан бери нааразылык акцияларын уюштуруп жаткандар менен райондук активдин жолугушуусу ийгиликсиз аяктады. Кабарчыбыздын айтымында, бүгүн Саруунун кире беришинде уюштурулган жолугушууга катышкан район акими Дамир Моңолдоров, райондогу башка айылдардын башчылары, аялдар, жаштар иштери боюнча активисттер, жалпысынан 100дөй киши саруулуктарды тынчтыкка жана тартипке чакырды. Бирок кайым айтышуу чыгып, жолугушууга келген 100дөй саруулук жаран сүйлөшүүдөн баш тартты.

Былтыр күзүндө Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылган митинг Саруу айылынан башталып, Караколдо уланган. Бирок ал башаламандык менен коштолгондуктан, жыйырма чакты киши камалган. Кийин алардын көбү бошотулуп, алтоонун үстүнөн учурда сот жүрүүдө.

Каракол окуясынан кийин Сарууда жол тосуу, унаа өрттөө менен коштолгон бир нече акция катталган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG