Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Рахат Алиевге каршы дагы бир иш козголушу мүмкүн


Казакстандын прокуратурасы президенттин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев жана Коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Алнур Мусаевге каршы кылмыш ишин козгоо үчүн өтүнүч менен кайрылды. Чечим оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмү боюнча өкүм кайра каралып жаткан учурда кабыл алынды. 2006-жылы сот Сарсенбаев жана анын эки жардамчысын өлтүрүү буйругун Ержан Утембаев берген деп таап, аны 15 жылга кесүү өкүмүн чыгарган.

Былтыр декабрда Казакстандын Башкы прокуратурасы бул иштин артында Утембаев эмес Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев турат деп билдирген. Алиев айыптоолорду четке кагууда.

Сарсенбаев эки жардамчысы менен кошо 2006-жылдын февралында табышмактуу жагдайда каза тапкан. Азыр чет өлкөдө жашап аткан Алиевге каршы буга чейин бир нече иш козголгон.

XS
SM
MD
LG