Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Сузакта медреседеги кырсыктан 56 киши ооруканага түштү


Жалал-Абаддын Сузак районунда жаңы курулуп жаткан медреседеги кырсык учурунда жабыркаган 56 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, тажыя өтүп жаткан учурда имараттын экинчи кабаты кулап түшкөн. Учурда ал жерде райондон жиберилген тергөө тобу иштеп жатат. Кырсык азырынча кокустук катары бааланууда, бирок, Жаныбековдун айтымында, курулуш иштериндеги алешемдикке байланыштуу кылмыш иши козголушу мүмкүн. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG