Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Швециянын тышкы иштер министри Иранга аттанды


Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Иранга 4 күндүк визит менен барууда. Министрдин маалымат катчысы бул сапар Тегеран менен жетишилген “убактылуу келишимдин туруктуу келишимге айланышына салым кошууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, - деп билдирди.

20-январда күчүнө кирген макулдашууга ылайык, Иран атомдук программасына убактылуу чектөө киргизет, бул үчүн Ислам жумуриятына каршы кабыл алынган санкциялар жеңилдетилмекчи. Тегеран менен АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия кирген топ ортосунда түзүлгөн документ 6 айга мерчемделген.

Билдт Иранга аттанаардын алдында “өзгөрүүлөргө жана кызматташтыкка колдоосун” билдирүү үчүн баратканын өз блогуна жазды. Тегеран режими менен “олуттуу пикир келишпестиктерге” карабай, дүйнөдөгү абдан маанилүү өлкөнүн “маданий жана тарыхый салттарын урматтоо керектигин” бардыгы түшүнөт, - деп жазат швециялык министр.

XS
SM
MD
LG