Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:51

Гагауздар Бажы биримдигин колдошту


Молдованын Гагаузия автономиялуу аймагынын шайлоочулары Орусия баштаган Бажы биримдиги менен интеграция сунушун колдошту. Шайлоо комиссиясынын төрайымы Валентина Лисничтин айтымында, референдумга катышкандардын 98,5% Бажы биримдиги менен тыгыз алакалар үчүн добуш беришти. 2,7% гана Евробиримдик менен интеграцияны колдошоорун айтышкан.
Ошондой эле 98,9% Молдова көз карандысыздыгын жоготсо, Гагаузия эгемендигин жарыялоого укуктуу деген сунушту колдошту. Референдумга шайлоочулардын 70% көбү катышты.
Калкы 155 миң кишиге жеткен аймактын тургундарынын басымдуу бөлүгү – гагауздар. Тили түрк тобуна киргени менен өздөрү православ христиандары. Жергиликтүү тургундар Кишиневдун Евробиримдикке кирүү мүдөөсү артында Молдованын Румынияга кошулуу планы турат деп чочулашат. Кишинев добуш берүүнү мыйзамсыз жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG