Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Украин оппозициясы 2004-жылкы Конституцияга кайтууну каалайт


Украин оппозициясы президентке дагы шарттарын коюуда. Буга чейин Виктор Янукович айрым талаптарды аткарып, өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Парламент болсо демонстрациялар жөнүндөгү талаштуу мыйзамды жокко чыгарып, кармалган демонстранттардын айрымдарына шарттуу мунаса берген. Бирок оппозиция Януковичтин кызматтан кетишин, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү, шартсыз мунаса жана 2004-жылкы Конституцияга кайтууну талап кылууда. Эски Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары чектелген.

Кечээ Киев жана бир катар шаарларда болгон ири демонстрацияларда ушул талаптар кайталанды. Ал тапта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги украин оппозициясын “коркутуп-үркүтүү, ультиматумдардан” баш тартууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG