Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Грузия Европа биримдиги менен келишимге август айында жетиши күтүлүүдө


Бул тууралуу Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили билдирди. Анын айтымында, Европа биримдиги менен Ассоциация боюнча келишимге Тбилиси август айында кол коюшу белгиленүүдө. Гарибашвили дүйшөмбү күнү Брюсселде Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу менен жолугушууда, Грузиянын Европа биримдиги менен жакындашуусу артка кайткыс жараян деп билдирген. Грузия жана Молдова Европа менен интеграцияга баруу келишимине ноябрь айында Вильнюста кол койгон. Ал эми Украина жана Армения баш тарткан эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG