Бул иш-чара рак дартына каршы күрөш боюнча дүйнөлүк күндүн алкагында өткөрүлөт. “Кыргызстанда рак дартына каршы кыймыл” уюштурган форумда онкологиялык ооруну дарылоо, мыйзамдык база, кыйынчылыктар жана аны чечүүнүн жолдору талкууланат. Форумга парламент, өкмөт мүчөлөрү, дарыгерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, онкологиялык оорулар жайылып баратат. 2012-жылы бул дарттан 8.2 миллион киши өлгөн. Кыргызстанда да рак илдети көбөйгөнү белгиленүүдө. (AiT)
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, онкологиялык оорулар жайылып баратат. 2012-жылы бул дарттан 8.2 миллион киши өлгөн. Кыргызстанда да рак илдети көбөйгөнү белгиленүүдө. (AiT)