Ирандын тышкы иштер министри Мохамад Зариф Тегеран жана ири алты мамлекет толук кандуу келишимге алты айдын ичинде жетишүү мүмкүндүгүн дүйшөмбү күнү билдирди. Ирандын ядролук долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү 18-февралга белгиленген. Ноябрь айында жетишилген убактылуу келишимге ылайык, Тегеран ядролук мекемелерин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берди. Экинчи тараптан Ирандын камактагы 4.2 млрд. долларынын 550 млн. доллары берилгени кабарланды. (AiT)