Бүгүнтөн тарта 7-февралга чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Айрыкча Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 45-90 жана 145-150, Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек жолунун 45-90, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ошондуктан машина айдаганда ортодогу аралыкты 500 метрден азайтпоо керектигин куткаруучулар эскертүүдө. (RK)