Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

ИИМ: Саруу кепке келбей жатат


Саруу айылында жол тороп, адамдардын жана унаа кыймылын чектеп жаткан жарандар менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, бирок натыйжа жок. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Милициянын маалыматында, Каракол - Балыкчы унаа жолу Саруу айылындагы Кашат деген жерден дагы эле буулуп турат.

Кечээ коңшу Дархан, Тамга, Жаргылчак жана Тосор айылдарынан 100гө жакын киши чогулуп Сарууга барган. Алар жол жабуу мыйзамсыз экенин айтып, нааразы тарапты тартипке чакырууга аракет жасаган. Бирок ортодо кайым айтыш чыгып, эч натыйжа болгон эмес.

Саруу айылынын айрым тургундары Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылып уюштурган митингдери былтыр өкмөт өкүлүн барымтага алуу, жол тосуу, электрди өчүрүп салуу, унаа өрттөө менен коштолгон. Бул үчүн алардын айрымдары азыр соттолууда. Бирок жол буугандар камоо мыйзамсыз болгонун айтып, алты соттолуучуну бошотууну талап кылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG