Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:26

Мечиттеги окуя боюнча кылмыш иш козголду


Сузактын мечитинде болгон окуя боюнча кылмыш иш ачылды. Райондук милициянын башчысы Нурбек Жаныбековдун "Азаттыкка" айтымында, иш "стандартка туура келбеген курулуштун айынан адамдардын ден-соолугуна залал келтирүү” деген берененин негизинде козголду.

Кечээ, 3-февралда көзү өткөн адамдын жаназасы окулуп бүтүп, адамдар чыгып баратканда мечиттин үстүңкү кабаты кулап кеткен. Райондук ооруканага 59 киши кайрылган. Алардын бешөө райондук, ал эми экөө Жалал-Абад облустук ооруканада дарыланууда. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйгө коё берилген. Мечит 2008-жылы элдик ашар ыкмасы менен курулган. (YA/RK)

 

XS
SM
MD
LG