Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Ракка чалдыккан балдарга жардам берилет


Бишкектеги Онкология борборунун балдар бөлүмүндө дарыланып жаткандар үчүн акча чогултулат. Ал үчүн белгилүү адамдар менен чай үстүндө баарлашуу мүмкүнчүлүгүн алууну каалагандар 1 миң сомго купон сатып алышы керек. Акцияга катышууга макулдугун берген белгилүү инсандар арасында кино актерлору, музыканттар, дарыгерлер, коомдук ишмерлер, спортчулар бар.

Иш-чараны Башкаруу академиясы, «Бисмарт.кг» жана «Help the Children-SKD» бирикмелери уюштурууда. Алардын айтымында, Онкология борборунун балдар бөлүмү 25 орунга эсептелген. Бирок азыр ал жерде дарыланып жаткан балдардын саны эки эсе көп.

Акциянын жыйынтыгында чогултулган акчага дары-дармек, кан жана жабдуу сатылып берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG