Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Француз соту Грузиянын экс-коргоо министрин күрөөгө бошотту


Грузиянын мурдагы коргоо министри Давид Кезерашвилини Экс-ан-Прованс шаарынын соту 27-февралга чейин күрөөгө бошотту. Ал күнү анын экстрадициясы тууралуу чечим чыкмакчы. Кезерашвили өткөн октябрда Францияда курал аткезчилиги үчүн шектелип кармалган. Грузиялык тергөөчүлөр экс-министрди арам акчаны адалдоо, Тбилисидеги мүлктү мыйзамсыз сатуу жана 12 миллион доллар пара алуу боюнча шектеп жатышат. Ал мурдагы президент Михаил Саакашвилинин жакын санаалаштарынан болот. Буга чейин Саакашвилинин партиясына кирген бир нече кишиге каршы кылмыш иштери козголгон. Партия 2012-жылдын октябрында парламенттик шайлоодо утулуп калган. Саакашвили президенттик эки мөөнөтү аяктагандан кийин былтыр ноябрда бийликтен кеткен.

XS
SM
MD
LG