Бургер, чипс же газдалган таттуу суусундуктарды сатуу тескөөгө алынбаса, толук адамдардын саны өсө берет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бюллетенинде айтылат. Изилдөөнүн авторлору өкмөттөр чечкиндүү чараларды көрүшсө бул илдеттин алдын алса болот деп ырасташат. Ашыкча салмак диабет, жүрөк дарттары жана ракка алып келиши мүмкүн. Италия, Голландия, Греция жана Бельгияда тез даярдалчу азыктардын (фаст фуддун) рыногу катуу көзөмөлгө алынгандыктан, бул өлкөлөрдө андай зыяндуу тамакты аз жешет. Адистер бул проблема менен күрөшүүдө өкөмттөрдүн саясаты маанилүү деп белгилешет.