Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Трелевский Сочиде машыгуусун баштады

Бул жолку кышкы олимпиадага катышуу үчүн Кыргызстандан барган жалгыз спортчу Дмитрий Трелевский Сочиге жетип, машыгууларын баштады. Ал лыжа спортунун үч түрүндө таймашка чыгат. 16-февралда супергигант, 19-февралда гигант слалом жана 22синде слалом боюнча мөөрөй талашат.

Сочи олимпиадасынын салтанаттуу ачылышы 7-февралда болот. Ага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев да катышат. Биздин өлкөдөн бараткан жалгыз спорту Дмитрий Трелевский лыжа боюнча спорт чебери.

Коңшу өлкөлөрдөн олимпиадага Тажикстандан 2 спортчу, Өзбекстандан 3, Казакстандан 44 спортчу катышат.

Сочи олимпиадасын чагылдырууга Кыргызстандан бир гана журналист баратат. Ал - "Азаттыктын" баяндамачысы Кабыл Макеш. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG