Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Украин оппозициясы 2004-жылкы Конституцияга кайтууну сунуштоодо


Украин парламентинде бүгүн төртүнчү сессия өз ишин баштады. Рададагы үч оппозициялык фракция президенттин укуктарын кескин кыскартууну талап кылууда. Бийликтин партиясынын мүчөлөрү болсо оппозиция жетиштүү добуштарга ээ болбогондуктан парламенттин ишине бөгөт коёт деп божомлодошууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" Украиндагаы кабарчысы маалымдап жатат.

Бир аз баштараак фракциялардын жана комитеттердин жетекчилери күн тартиби боюнча талашышкан. Оппозиция Украинанын 2004-жылкы Конституциясын калыбына келтире турган акттын кабыл алынышын талап кылууда. Ал боюнча өлкөдө парламенттик-президенттик башкаруу болот.

"Региондор" партиясы фракциясынын лидери Александр Ефремов механикалык жол менен мурдагы башмыйзамга келүү юридикалык жактан мүмкүн эмес, ал үчүн референдум керектигин билдирди. Коммунисттер фракциясынын лидери Петр Симоненко президенттин кызматын жоюп, техникалык өкмөт курап, Украинанын федералдашуусу боюнча суроону караш керек деп сунуштоодо. (AiK)

XS
SM
MD
LG