Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Прокуратура: Ошто көпүрө курууда мыйзам бузулган


Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү куруу боюнча тендер мыйзам бузуу менен коштолгон. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратурадан кабарлашты. Аталган мекеменин Оштогу бөлүмү эки кылмыш иш козгоп, тендердик комиссияны лицензия жөнүндөгү мыйзамды бузган деп айыптоодо. Тендерлердин жыйынтыгында көпүрөнүн долбоорун түзүү кытайлык "Гуй Суе" компаниясына, ал эми куруу укугу ошол эле кытайлык "Сю Жоу" ишканасына берилген. Прокуратура мындан мамлекетке 12 миллион сом зыян тийген деп эсептөөдө.

Узундугу 450 метр, туурасы 18 метрлик көпүрө мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун демилгеси менен өткөн жылы курула башталган. Калаа башчысы алмашкандан бери көпүрөнүн курулушу токтоп турат. Бирок жаңы мэр Айтмамат Кадырбаев "көпүрө курулат, антпесе базарда иштегендерге кыйын болуп калат" деген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG