Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

ДСУ: Рактын чоң толкуну келатат


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2013-жылга чейин жер жүзүндө жыл сыйын 24 миллион киши рак менен ооруй турганын билдирди. "Мунун жарымынын алдын алса болот эле",- дейт аталган уюм. Чылым тартуу, ичимдик менен ашыкча салмак акыркы мезгилде рак илдетин арттырган негизги себептерге айланды.

Азыркы тапта жылына 14 миллион кишиде рак аныкталып жатат. 2025-жылга чейин бул сан 19 миллионго чыгат. Айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул илдетке чалдыккандар көп болууда. Абанын булгануусу, радиация, балага эмчек эмизбөө жана аз санда балалуу болуу да ракка алып келген себептердин ичинде турат.

Бүгүн башкалаа Бишкекте да ракка каршы атайын иш-чара болуп өттү. Кыргызстанда жылына каза болгон адамдардын 10 пайызын ракка чалдыккандар түзөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG