Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Бишкекте Шералы Назаркулов эскерилди


Бишкекте укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскерүү митинги өттү. Кабарчыбыздын айтымында, мурдагы акыйкатчысы, Назаркулов атындагы коомдук фонддун төрагасы Турсунбек Акун уюштурган митинг-реквием Айыл чарба министрлигинин алдындагы аянтчада өттү. Ага маркумдун үй-бүлөсү, жакындары жана Назаркулов менен бирге Үзөнгү-Куушка байланыштуу ачкачылык кармагандар катышты.

Укук коргоочу, экономист, публицист жана коомдук ишмер Шералы Назаркулов 2002-жылдын 7-февралында Үзөнгү-Кууш жеринин Кытайга берилишине каршы 22 күндүк саясий ачкачылыктан кийин көз жумган болчу.

Маркумдун жакындары анын ысымын Кара-Кулжа районундагы өзү туулуп өскөн айылга жана Бишкектеги орто мектептердин бирине ыйгаруу өтүнүчүн бир нече жылдан бери айтып келатат. Бирок өкмөттөн азырынча чечим боло элек.(ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG